www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы ИИМ жана ЖАМК башчысы Мелис Турганбаев «Сапат» лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды менен жоголор алдында кезиккен. Маалыматты экс-министр тастыктады.
Белгилей кетсек, бүгүн айрым ЖМКлар Инанды менен акыркы болуп Мелис Турганбаев жолукканын жазып чыгышты.
Турганбаевдин айтымында, Инанды менен 31-май күнү кечинде жолугуп, досторунун жеке мектебин ачууну талкуулашкан. Андан кийин Грузияга учуп кеткен.
«Орхан Инанды менен 20 жылдан бери таанышпыз, мамилебиз жакшы, өзү жакшы адам. Тааныштарымдын, туугандарымдын балдары окуду («Сапат» лицейинде). Кээде арзандатуулар, киргизүү жол-жобосу тууралуу сүйлөшүп калчубуз. Акыркы жолугушууда деле жеке мектеп ачалы деп сүйлөшкөнбүз, ал достордун мектеби болмок. Жарым гана саат жолуктук. Мен түнү менен учушум керек болчу. Украинада жана Грузияда спорт жаатында иштерим бар болчу. Кетеримди билип кечинде өзү кезигели деп чалган», — деди Турганбаев.
Ошондой эле мурдагы ИИМ башчысы Инанды коркутуулар тууралуу эч качан айтпаганын билдирди.
«Биз жолуккан убакта коркутуулар болуп жатат деп айткан эмес. Андан мурун деле бул тууралуу сөз кылган эмеспиз. Кыргызстанда анын көйгөйү жок. Аны менен кезиккенимди, учуп кеткенимди органдар билчү, жактоочу (Таалайгүл Токтакунова — ред.) мен тууралуу айткандан көрө өз иши менен алектенсе болмок», — деди Турганбаев.
Ал укук коргоо кызматкерлери менен байланышта болуп, Орхан Инандыны издөө иштери боюнча маалыматты билип турарын кошумчалады.
Эске салсак, «Сапат» лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирүүдө.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Булак: NazarNews.kg