www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр экс-министр болуп калган Энергетика министрлигинин мурдагы башчысы Кубанычбек Турдубаев иштен алынардан бир күн мурун Кыргызстандагы энергетика тармагынын абалы жана андагы коррупция тууралуу айтып берген эле.

7-июнда Бишкекте премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, көрүнүктүү эксперттер катышкан "Кыргызстандын энергетикасы. Өткөн мезгили, учурдагысы жана келечеги" деп аталган тегерек стол өткөн.

Ал эми президент Садыр Жапаров 8-июнда Кубанычбек Турдубаевди энергетика жана өнөр жай министри кызматынан алып, ордуна Доскул Бекмурзаевди дайындаган.

Тегерек столдо сүйлөп жатып ал кардиналдуу реформа кыла турган учур келгендигин айткан эле.

"Энергетика тармагындагы чарбасыздык жана коррупция менен аеосуз күрөшүүгө мезгил келип жетти. Акыркы 30 жыл аралыгында ал болуп көрбөгөндөй колдонулуп, совет учурунда салынган өтө ири ресурсту иштеп чыкты. Энергетика өлкө жетекчилигин тегеректеп алган таза эмес адамдардын байышына булак болуп берди. Бул туурасында биз түз айтышыбыз керек", — деген министр.

Анын айтымына караганда, энергетикадагы коз боемочулук менен уурулук өлкөнүн саясий жетекчилигинин оозун жаап, колдорун байлап келе жатат.

"Моралдык укук жок болуп туруп элди чыдап турууга чакырып, ажыратып коюуга мүмкүн эмес. Элди белин бекем бууганга чакырып, биздин энергетиканын экисин бир кылып жаткан учурда жаман иштөөгө укугубуз жок. Элдин казынасынан бир тыйын жоготууга да, алууга да акыбыз жок. Энергетика тармагына салынган жана табылган ар бир тыйын калкка көрсөтүлүп турат", — деген Турдубаев.

Ал жалпы кыргызстандыктардын колдоосу жана түшүнө билүүсү менен гана масштабдуу реформаларды жүргүзүп, өлкөнү күчтүү жана көз карандысыз кылууга болорун айткан.

"Учурда кыргыз энергетикасы мындан ары жашап кете алабы деген суроо жаралды. Биз азыр өтө кыйын кырдаалда турабыз, туура эмес кадамдар тармактын жок болушуна алып келет. Бул көбүртүп айткан сөз эмес. Чукул кырдаалдар чукул чараларды талап кылат. Азыр Энергетика министрлигине эмне пайдалуу болсо, ал Кыргызстанга да пайдалуу", — деген министр.

Мурунку аткаминер Кыргызстанды чакан ГЭСтердин мекенине айлантуу зарылдыгын белгилеп, шамал жана күндүн нуру менен иштеген электр станцияларды салып, мамлекеттин муктаждыгы үчүн дарыялардын кубатын, кен байлыктарды пайдалануу зарылдыгын баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости