www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөкуловду камактан чыгаруу себептери айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов мамлекетке келтирген зыянды төлөп берүүгө даярдыгын билдиргендиктен, туруктуу жашаган жери бар жана үй-бүлөсүн баккан жалгыз адам болгондуктан үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 11-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Төрөкуловдун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтү 15-майга чейин узартылды.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып, 15-январда эки айга камакка алынган. УКМК ага карата Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталганын, өзү аталган мекеменин тергөө абагына отургузулганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости