www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уккан кулакка ишенбегендей окуяда индиялык жубайлар ооруканада жарыкка алып келген наристесин төрөт чыгымдарын төлөй албагандыгы үчүн ооруканага сатканы айтылат.
Окуя Индиянын Уттар Прадеш провинциясындагы Агра шаарында катталды. Шив Чаран аттуу адам толгоосу келген кош бойлуу жубайы Бабитаны ооруканага алып келген. Бала төрөлгөн соң оорукана Чарандан 35 миң Индия рупия (35 миң сом) төлөөсүн талап кылган. Ал эми Чаран, аталган сумманы төлөй албаган үчүн оорукана баланы тартып алып жаткандыгын айтты.
Анын айткандарына ылайык, оорукана наристени 100 миң Индия рупиясына (100 миң сом) сатууга мажбурлаган. Бул окуяга байланыштуу суроолорго жооп берген оорукананын мүдүрү Сима Гупта болсо, жубайлардын наристеден баш тартканын жана бул “сатуу” эмес, “багып алуу” экендигин түшүндүрдү. Ошондой эле, оорукана тарабынан “бала багып алуу” ишине байланышкан документтердин даярдалганын, жубайлар дагы өз каалоосу менен кол коюп бергенин айтты. Оорукана тараптан айтылган пикирди четке каккан Чаран, өзүнүн окуу-жазуу билбеген сабатсыз экендигин билдирди.
Аймактык сот Прабу Синг жаңы төрөлгөн наристени “сатууга” байланышкан тергөө иштеринин башталганын жана керектүү чаралар көрүлө тургандыгын билдирди. Муну менен катар Индиядагы айрым ооруканаларда наристелердин ооруканага алынып, бала багып алууну кааалаган жубайларга сатылгандыгы айтылды.
Булак: NazarNews.kg