www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда чылым жана ичимдикти милдеттүү түрдө маркирлөөнүн мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
Токтомду кыргыз өкмөтү 2-октябрь күнү кабыл алды.
"Пандемияга байланыштуу өлкөдө түзүлгөн экономикалык абалды жана бизнес чөйрөнүн өтүнүчүн эске алуу менен чылым жана ичимдикти милдеттүү түрдө маркирлөөнүн мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин тамекини маркирлөө боюнча убакыт 1-октябрга чейин, ичимдикке 1-ноябрга чейин берилген.
Маалыматка караганда, пандемия шартында мындай талаптарды аткарууга бизнес чөйрөсүнө өтө татаал болуп калат. Мунун аркасынан товар алып келүүнүн саны азайып, жыйынтыгында салыктын көлөмү кыскарат.
Булак: NazarNews.kg