www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түп райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер мыйзамдарынын бузулушу менен берилген мамлекеттик жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Маалыматка ылайык, Балбай айыл аймагындагы аянты 5 гектар болгон жайыт жер тилкеси 2010-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Ошондой эле Түп айылында жайгашкан аянты 0,10 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкеси 1997-жылы май куюучу жай куруу максатында мыйзамсыз берилген.
Прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 11 млн 559 миң сомду түзгөн аталган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.