www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде роботтордун презентациясы уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө роботтор өздөрүнүн интерактивдүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, «Кара жорго» бийин аткарышты.
Маалыматка ылайык, презентация университеттин заманбап билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана инновациялык технологияларды окуу процессине интеграциялоого болгон аракетинин бир бөлүгү болуп саналат.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү, инженердик ой жүгүртүүсүн колдоо жана заманбап технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу.
Университет өкүлдөрү мындай демилгелер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.