www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген жок. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү мурда тараган маалыматты тактап жатып билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, биринчи жарыяланган маалымат жалпыланган түрдө жарыяланган.

"Биз бул өзгөчө кырдаалды жарыялоо жөнүндө эмес, катаал аба ырайынын шарттарында киргизилген күчөтүлгөн кызматтык режим жөнүндө сөз болгонун тактайбыз", - деп белгилейт ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, өткөн түнү Түп районунда кардын калың түшүшүнөн улам аба ырайынын татаалдашына байланыштуу тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Учурда жеринде жарандык коргонуу топтору иштеп жатат.

Унаа жолдорун тазалоо, коммуналдык жана энергетикалык тутумдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, кооптуу аймактарга көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле калкка маалымат берүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүп, көрүнүү начар болгон жолдордо кыймылдын үзгүлтүксүз болушун камсыз кылышууда.

Медициналык кызматтар зарыл болгон учурда калкка ыкчам жардам көрсөтүүгө даяр турушат. Адистештирилген кызматтар алдын алуу жана авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларын улантууда.

Последние новости