www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркия Республикасынын Стамбул шаарында башталган Парламенттер аралык бирликтин Ассамблеясынын жыйынынын ачылышына катышты.
15-19-апрель күндөрү боло турган иш-чарага дүйнөнүн 157 мамлекетинен парламенттик делегациялар келген.
Иш-чара «Үмүттү жаратуу, тынчтыкты орнотуу жана келечек муундар үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылуу» темасында уюштурулуп, Башкы Ассамблеянын жыйындары, туруктуу комитеттердин отурумдары, форумдар жана тематикалык жолугушуулар менен коштолору күтүлүүдө.
Төрага Ассамблеянын жыйындарынын алкагында бир катар өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Эскерте кетсек, Төрага Марлен Маматалиев менен бирге жыйынга депутаттар Дастанбек Джумабеков, Бурул Аманова, Улан Примов жана Данияр Толонов катышууда.