www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү.

Төрага Марлен Маматалиев эзелтен эриш-аркак жашаган боордош эки элдин кызматташтыгы соңку жылдары жигердүү өнүгүп келе жатканын белгилеп: «Анын ичинен парламенттер аралык мамилелер кыргыз-казак алакасын чыңдоонун натыйжалуу механизми бойдон калууда. Биз ТүркПА, КМШ ПА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып барып, эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү да байма-бай өткөрүп келебиз»,– деди. 

Буга өткөн жылы Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн III Парламенттер аралык форуму, ал эми Астана шаарында Парламенттер аралык кеңештин III жыйыны ийгиликтүү өткөрүлгөнүн мисал кылды. 

«Быйыл Парламенттер аралык кеңештин IV жыйынын Кыргызстанда уюштурууну мерчемдеп жатабыз. Аталган иш-чара салттуу достук мамилелерди чыңдап, парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүүгө кошумча түрткү берет деген ишеничтемин», – деди Марлен Маматалиев. 

Ал эми Казакстандын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүү Казакстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген Ерлан Кошанов да акыркы жылдары эки өлкөн байланышы жаңы деңгээлге чыгып, бардык багыттарда жигердүү улантылып жатканына токтолду. Анын ичинен өткөн жылы Президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары ийгиликтүү болуп, анда маанилүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн кошумчалады. 

Мындан тышкары, Казакстанда өткөрүлгөн референдум жана анын алкагында ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу да кеңири кеп кылган Ерлан Кошанов: «Катышуучулардын 87%ы колдогон өзгөрүүлөрдүн алкагында бир палаталуу парламент түзүлөрү күтүлүүдө. Учурдан пайдаланып, рефендумга байкоочу катары катышкан Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем», – деди. 

Баарлашууда маданий-гуманитардык маселелер да талкууланып, Төрага Марлен Маматалиев Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине белгилүү коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу сунушун берди. 

 

Последние новости