www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкекте жогорку деңгээлдеги иш сапардын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча биргелешкен фонду аркылуу Европа Биримдиги колдогон демилгенин жыйынтыктары көрсөтүлдү. Демилге Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамды санариптик трансформациялоону илгерилетүүгө багытталган.

Иш сапар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасы менен биргеликте уюштурулуп, «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоодо санариптик ажырымды жоюу» (2023–2027-жж.) Биргелешкен программасын ишке ашыруудагы жетишкендиктерди көрсөтүүгө мүмкүндүк берди. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги астында программа санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу саламаттык сактоо системасын интеграцияланган, натыйжалуу жана адамга багытталган кылып өнүктүрүүгө багытталган улуттук аракеттерди колдойт.

Бишкек шаарындагы №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунда катышуучулар санариптик инструменттердин күнүмдүк практикада кандай колдонулуп жаткандыгы менен таанышты. Алар бейтаптарды идентификациялоо жана электрондук медициналык карталарды жүргүзүүдөн баштап, жолдомолорду берүү, иммунизациялоону көзөмөлдөө жана чечим кабыл алуу үчүн маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде колдонуу процесстерин көрө алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Кыргызстанда саламаттык сактоонун бирдиктүү санариптик экосистемасы түзүлгөнүн, ал баштапкы медициналык-санитардык жардамдан баштап стационардык деңгээлге, лабораториялык кызматка жана ресурстарды башкарууга чейинки бардык негизги процесстерди камтый турганын баса белгиледи.

«“Sanarip Clinic” медициналык маалыматтык системасынын киргизилиши бейтаптын электрондук медициналык картасын жүргүзүүгө өтүүгө, медициналык маалыматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берди. Ошону менен катар, адистештирилген регистрлер системасы өнүгүүдө, бул ооруларды так көзөмөлдөөгө жана дарылоону башкарууга шарт түзөт. Каржылоонун ачык-айкындуулугун жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган маалыматтык системалардын интеграциясы маанилүү багыт бойдон калууда. Ошондой эле, кадрдык башкарууну санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатат, бул медицина кызматкерлерин пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү жакшыртат. Жалпысынан, санариптик чечимдер бүгүнкү күндө медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттырууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жана маалыматтарга негизделген натыйжалуу башкаруу системасын калыптандырууга көмөктөшүүдө», — деп кошумчалады Тилек Мамадалиев.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфлот:

«Санариптик трансформация — бул технологиялар жөнүндө гана эмес, бул биринчи кезекте медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана адилеттүүлүгүн жогорулатуу аркылуу адамдардын жашоосун жакшыртуу болуп саналат», — деп белгиледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы санариптик чечимдер бүгүнкү күндө эле адамдардын жашоосуна реалдуу таасирин тийгизип, медициналык кызматтарды жеткиликтүүрөөк, ыкчам жана сапаттуу кылып жатканын көрүп жатабыз», - деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым. «Бул айрыкча аярлуу абалдагы жана жетиштүү көңүл бурулбай калуу коркунучунда турган адамдар үчүн маанилүү, алардын катарына майыптыгы бар адамдар, улгайган жарандар жана алыскы аймактарда жашаган калк кирет. Кыргызстандагы БУУ тутумунун биргелешкен аракеттеринин алкагында биз улуттук өнөктөштөрдү санариптик чечимдерди кеңейтүүдө колдойбуз. Бул чечимдер медициналык кызматтарга жетүүнү гана камсыз кылбастан, практикалык колдоо да көрсөтөт: мисалы, эмдөө графиги боюнча өз убагында эскертүүлөрдү берүү, ошондой эле медициналык кеңештерге жана кийинки байкоого жеңилирээк жетүүнү камсыз кылат».

«Санариптик инструменттер саламаттык сактоо системаларын чыңдоодо жана калктын ден соолугун жакшыртууда күчтүү фактор боло алат, бирок алар макулдашылган улуттук стратегиянын алкагында киргизилип, бардыгы үчүн тең жеткиликтүүлүк камсыздалганда гана натыйжалуу болот», — деп баса белгиледи ДССУнун Европа регионалдык бюросунун Саламаттык сактоо системалары боюнча Дивизионунун директору Наташа Аззопарди Мускат. «Кыргызстан интеграцияланган санариптик чечимдер кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, медициналык жардамдын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга жана айрыкча баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык кызматкерлерди колдоого кантип көмөктөшөрүн көрсөтүп жатат. ДСУ санариптик трансформация медицина кызматкерлери үчүн да, бейтаптар үчүн да шарттарды жакшыртууга мындан ары да салым кошуусу үчүн өлкөнү колдоп жаткандыгы менен сыймыктанат».

Негизинен Европа Биримдиги тарабынан БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ТӨМ) Биргелешкен фонду аркылуу каржыланган жана БУУӨП, ЮНФПА, ЮНИСЕФ жана ДССУ тарабынан ишке ашырылып жаткан Биргелешкен программа Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын модернизациялоо боюнча аракеттерин колдойт. Бул санариптик инфраструктураны, ченемдик-укуктук базаны жана институционалдык потенциалды чыңдоо аркылуу ишке ашууда. Мындай аракеттер сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, өзгөчө өлкөнүн алыскы, аз камсыз болгон жана тоолуу аймактарындагы калк үчүн шарт түзүүгө багытталган.

Последние новости