www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Төрага Марлен Маматалиев Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту.
Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да сөз болду.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Тажикстан менен жакын коңшулук жана достук байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилеп: «Чек ара маселелеринин чечилиши эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгарып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактар аралык өнөктөштүктү өрчүтүүгө чоң өбөлгө түздү. Калыптанган кызматташтыкты дагы тереңдетүү үчүн парламенттер аралык диалогду кеңейтүүбүз кажет», – деди.
Андан тышкары, тажикстандык спортчуларды быйыл сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырган Төрага: «2014-жылы негизделгенден бери бул иш-чара дүйнө элдеринин салттуу спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө, маданий жана руханий байланыштарды тереңдетүүгө чоң салымын кошууда. Ага ылайык, быйыл Кыргызстанга 100дөн ашуун өлкөдөн болжол менен беш миңдей спортчу келери күтүлүүдө. Алардын катарында тажикстандык спортчулар да катышып, ийгиликтерди жаратып кетет деген ишенимдебиз» – деп кошумчалады.
Өз кезегинде Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Файзали Идизода Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.
Ошону менен катар Кыргызстан Тажикстандын жакын коңшусу эле эмес, ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилеп: «Биз эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө салттуу баалуулуктарга таянып, бул бардык маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө өбөлгө түзүүдө. Айрыкча чек ара маселесине чекит коюлуп, демаркациялоо процесси активдүү уланууда», – деди.
Парламенттер аралык мамилелерди депутаттык достук топторунун алкагында да жүргүзүү зарылчылыгына токтолгон Файзали Идизода ПАБ, КМШ ПА, ЖККУ ПА, ЕККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Андан тышкары, Төрага Марлен Маматалиевди климат маселесине байланыштуу Парламенттер аралык бирликтин 22-23-май күндөрү Тажикстанда өтө турган жыйынына чакырды.
Тараптар ошондой эле эки өлкө ортосунда жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашыруу менен бардык багыттарда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.