www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, биргелешкен долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Бириккен Улуттар уюму менен бардык багыттарда жигердүү кызматташып келе жатканын белгилеп: “Мындан ары да түрдүү тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, калыптанган өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдарбыз. Башкы мыйзам чыгаруу органы катары Жогорку Кеңеш да тыгыз кызматташып, иш алып барууга даяр”,– деди.
Ошондой эле баарлашууда туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында мерчемделген пландар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына токтолгон Төрага “Соңку жылдары ички дүң продукциябыздын көлөмү өсүп, экономикабыздагы жетишкендиктер жогорку көрсөткүчтөргө жетүүдө. Ушундай аракеттер дагы улантылып, 2030-жылга чейин алгылыктуу жумуштар жасалат. Бул багытта мамлекет башчыбыз да олуттуу тапшырмаларды коюп, парламент дагы керектүү иштерди алып барууда”, – деп кошумчалады.
Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве Төрага Нурланбек Тургунбек уулун кайрадан Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, өзү жетектеген өкүлчүлүк Кыргыз парламенти менен дайыма кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Муну менен катар Бириккен Улуттар уюму туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган Кыргызстандын аракеттерине жогору баасын берип жатканын айткан Антье Граве аталган багыттагы өнөктөштүктү өрчүтүүгө да өзгөчө көңүл бурушарын кошумчалады.
Ага ылайык, алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда Кыргыз парламентинин ролу чоң экенин белгилеген туруктуу координатор Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу да сөз кылды. Бул аянтча өзүнө тиешелүү маселелер боюнча активдүү иш алып барып келгенин мисал кылган Антье Граве келечекте пландалган эл аралык иш-чараларга аталган кеңештин активдүү катышуусуна ар тараптан жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
Ошол эле учурда тараптар гендердик теңчилик маселесине да учкай токтолушту. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан аталган маселеге астейдил көңүл бурарын билдирип: “Элибиздин салт-санаа, баалуулуктарында да аялдардын орду өзгөчө белгиленген. Азыр да аялдардын коомдук-саясий турмуштагы ролун жогорулатуу максатында көп иштер жасалууда. Парламенттин эле мисалында алсак, VIII чакырылышка аялдар үчүн 30%дык квота бөлүнүп, ар бир үчүнчү орунга айым депутаттар шайланды. Мындай көрүнүш демократиялуу деп аталган дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө да жок”, – деди.