www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу курулуш тармагындагы көйгөйлөргө токтолуп, аталган багытта иш алып барган компаниялардын нааразычылыктары тууралуу сөз кылды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

“Бизге бир топ курулуш компанияларынын өкүлдөрү кайрылды. Аталган тармакты тейлеген Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өздөрү каалаган тарифтерди коюп алышкан. Ошонун негизинде үйлөрдүн чарчы метрлери кымбаттап, элдин турак-жай сатып алуусуна чоң түйшүктөрдү жаратып жатат. Андыктан, ушундай нааразычылыктарды жараткан жагдайларды Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитети кийинки жумада карап, талкуулап чыккыла. Андан кийин жалпы жыйында да карайлы. Бул боюнча нааразычылыктар өтө көп, тез арада ирээтке келтиришибиз керек”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу. 

Муну менен катар Төрага парламент ушундай элдин көйгөйлөрүн талкуулаган бийик трибуна экенин баса белгилеп: “Биз ошол укугубузду туура пайдаланышыбыз керек”, – деп кошумчалады. 

 

Последние новости