www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Нури аль-Маликинин Ирактын премьер-министри болушуна каршы чыгып, эгер ал дайындалса, Вашингтон өлкөгө жардам берүүнү токтото турганын билдирди.

“Мен Ирактын улуу өлкөсү абдан жаман тандоо жасап, Нури аль-Маликини кайрадан премьер-министр кылып алып келиши мүмкүн деп уктум. Малики акыркы жолу бийликте турганда, өлкө жакырчылыкка жана башаламандыкка баткан. Мунун кайталанышына жол берүүгө болбойт”, – деп жазган ал шаршемби күнү Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.

Трамп белгилегендей, эгер аль-Малики дайындалса, АКШ Иракка жардам бербейт. АКШнын жардамысыз Ирактын ийгиликке, гүлдөп-өнүгүүгө же эркиндикке эч кандай мүмкүнчүлүгү болбойт.

2025-жылдын аягында Ирак парламенти Хейбат аль-Халбусини төрага кылып шайлаган. Өлкөнүн конституциясына ылайык, кийинки 30 күндүн ичинде парламент мүчөлөрү республиканын президентин шайлашат, ал андан кийин эң чоң коалицияга премьер-министрликке талапкерди көрсөтүүнү тапшырат. 24-январда Ирак парламентинде көпчүлүктү түзгөн эң ири шиит партияларынын коалициясы – “Координациялык кеңеш” мурдагы премьер-министр Нури аль-Маликини жаңы премьер-министрликке көрсөткөн.

Ирак конституциясына ылайык, президенттик кызматты күрт, премьер-министрди шииттерден, ал эми парламенттин спикерин суннилер ээлеши керек.

Аль-Малики 2006-жылы Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин Ирактын премьер-министри болуп, 2014-жылы кызматтан кеткен. Бирок, кийинки жылдары ал Ирактын саясий аренасындагы таасирин сактап калган.

Последние новости