www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун, “баалардын өсүшүн жөнгө салуу боюнча Министрлер кабинети эч кандай иш алып барган жок” деген сыны жүйөлүү. Парламент трибунасынан мындай деңгээлдеги ачык жана катуу сындын айтылышы өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал чындап эле оор экенин айгинелеп турат.

Акыркы айларда азык-түлүккө, күйүүчү майга жана күнүмдүк керектелүүчү товарларга болгон баалар тынбай өсүп, калктын капчыгына катуу сокку урулуп жатат. Карапайым калк каатчылыктан баш көтөрө албай калды. Кымбатчылыктын айынан эл арасында нааразычылык күчөп баратат. Аткаруу бийлигинин бааларды турукташтыруу боюнча так жана натыйжалуу механизмдери жок. Эл мукурап кыйналууда. 

Демек, Өкмөттүн кемчилигин калкалап, жылмалап, коргоп мамиле жасаган Жогорку Кеңештин төрагасынын катуу сыны абалдын оңой эместигин билдирет. Бул дегендик кризистин олуттуулугун көрсөтөт. Эгер парламент өзү ачык сынга өтсө, демек аткаруу бийлигинин ишине болгон ишеним солгундап, маселелер системалуу мүнөзгө ээ болуп калганын түшүнсө болот. Ток этерин айтканда, парламенттин батыл сыны өлкөнүн экономикалык абалы реалдуу көйгөйлөргө жык толгонун айгинелейт.

Последние новости