www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Рамил Хасанды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Төрага Нурланбек Тургунбек уулу боордош мамлекеттер менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп: “Айрыкча парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү аркылуу биз бир тууган элдердин алакасын чыңдоого өзгөчө салым кошо алабыз. Андыктан Жогорку Кеңеш бардык түрк мамлекеттердин парламенттери менен тыгыз иш алып барып, Ассамблеянын алкагында да биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар”, – деди.
Ошондой эле быйыл Парламенттик ассамблеянын Кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөрүн эске салган Төрага аталган иш-чарада маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүп, бирикменин катары толукталарына ишеним артты.
Алсак, ТүркПА 2008-жылы түзүлүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттери мүчөлүк кылат. Ал эми иш-чараларына Венгриянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү активдүү катышып келет.
“Биз түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттеринин биримдигин колдойбуз жана тыгыз кызматташтыгыбыз боордош элдерибиздин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди Төрага Нурланбек Тургунбек уулу.
Өз кезегинде Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Рамил Хасан бирикменин алкагында жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берип: “Быйыл Кыргызстанда өтө турган жыйынга олуттуу даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушуулар да мерчемделген”, – деди.
Мындан тышкары баарлашууда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу да сөз болуп, Башкы катчы Рамил Хасан аталган саясий өнөктүккө ТүркПАнын байкоочулары да мониторинг кылганын жана алар добуш берүү жараяндарына жогору баасын бергенин белгиледи.