www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Синоптиктер эртеңден суук башталаарын билдиришти. Биздин оюбузга дароо эле отун эске түштү. Азыр Бишкек, Ош сыяктуу шаарларда эле эмес, алыскы айылдарда деле отун дегенде мурдагыдай көмүр, көң эмес, электр эске келет. Анткени, адамдар оңой оокатка качырышып, борбордук жылытуу тармагына кошулбаган үйлөрдө да тамак-аш жасаганды гана эмес, үйлөрдү жылытууда да негизинен электрге өтүп алышкан.

Ачык маалымат боюнча, учурда Токтогул суу сактагычында 9,102 млрд. куб метр суу калган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 1,631 млрд. куб метрге аз. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өткөргөн жыйында бул тармактагы абал талкууланып жатканда ушул сандар ачыкталды. Андан тышкары, жыйында бул кышта керектөө былтыркыдан 900 млн. кВт/саатка көп экени айтылды. Керектелген электр энергиясынын 15,4 млрд. кВт/с Кыргызстандан өндүрүлүп чыкса, калган 3,9 млрд. кВт/с импортолгон.

Бизде жылдан жылга керектөө өсүп жатканы балага да түшүнүктүү. Анткени, жылдан-жылга өндүрүштүк ишканалардын саны көбөйүп, алар керектөөнүн кескин өсүшүнө кошумча болуп жатышат. Ошол эле учурда калктын саны гана өспөстөн, адамдардын күнүмдүк тиричиликте электрди керектөөсү да өсүп жатат. Айталы, мурдагыдай кирди колго жууну мындай кой, үй жылытуу үчүн отун жакмай жок болуп, тиричилик электр приборлорун колдонуу кескин өстү. Буга электромобилдердин көбөйгөнү кошумча экени айтпаса да түшүнүктүү. 

Аны менен катар бизден коз каранды болбогон  глобалдык тренд - атмочферанын жылуусу орун алууда. Анын кесепетинен, мөңгүлөрдун көлөмү түгүл, саны да кыскарып, башаты ошол мөңгүлөрдөн башталган агын сууларыбыздын көлөмү да азаюуда. 

Дагы жакшы, азыр батышчылдар ашатып сөгүп жаткан совет мезгилинде союздук бюджеттин эсебинен курулган Токтогул ГЭСтер каскады, ири ЖЭБдерибиз алтымыш жылдан ашуун убакыттан бери талаптагыдай реконструкциялоолор жүргүзүлбөсө да, талкаланып калбай, чыдап берип келе жатышат. Учурда керектөөлөр алардын долбоордук кубаттуулуктарынан алда канча ашып кеткени айтпаса да түшүнүктүү. 

Энергетика министрлигинин жетекчилеринин маалыматы боюнча, быйыл электрдин 4 млрд. 335 млн. кВт/с көлөмдөгү жетишсиздиги маселеси аны импорттоо аркылуу чечилмекчи. 

Баса, импорттолгон электр энергиясы ички тарифтерге салыштырмалуу кымбат болгондуктан, ортодогу айырма биздин энергетика тармагынын мойнуна түшмөкчү. Балким, аны мамлекет өзүнө алаттыр? Бирок, азырынча андай маалымат жок. 

Дагы бир маалымат, энергетиктер 2028-жылга электр тартыштыгы толук чечилип, 2029-жылдан тарта Кыргызстан электрди экспорттоого өтөөрүн айтып келишет. Мында генерациялоочу ири булактардан тышкары, чакан ГЭСтер жана электр энергиясынын салттуу эмес булактары да чон роль ойномокчу. Ошондуктан, бийликтегилер бул багытта иш алып барып жатышат. 

Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы - 8, 2025-жылы - 9 чакан ГЭС курулган. Эки жылда модернизацияланган ири ГЭСтер менен жаңы курулган чакан ГЭСтердин эсебинен 230 мВт электр кубаты кошулган.

Бийликтегилер билдиришкендей, алдыда “Камбар-Ата-1” ГЭСи, Кара-Кечеде жергиликтүү көмүр кенинин базасында 7 млрд. кВт/саатка чейин энергеия чыгаруучу жылуулук электр станциясы, 912 мВттык Казарман, 1305 мВттык Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады жана 3000 мВттык күн-шамал электр станциялары курулмакчы.

Энергетика жаатындагы айтылган инфратүзүмдүк долбоорлор ырааттуу ишке ашчу болсо, 2029-жылдан тарта Кыргызстан жарыкты экспорттоого өтмөкчү. Чын эле ошондой болушунан үмүттөүп туралы.

Последние новости