www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркия Республикасындагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Алгач парламент Төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулап, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кеңири сөз кылышты. 

Кайрадан Төрага болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркия Республикасына жасап жаткан Нурланбек Тургунбек уулу мурдагы чакырылышта да чет өлкөдөгү биринчи сапары ушул боордош өлкөгө уюштурганын эске салды. 

“Бул биздин Түркия мамлекетине болгон терең урматыбыздын далили. Чакыруу жөнөтүп, жылуу кабыл алган боордош түрк элине ыраазычылык билдирем”, – деди Төрага. 

Муну менен катар 2024-жылы Президент Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары тарыхый окуяга айланып, бир туугандык стратегиялык мамилелердин жаңы барагын ачканын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жакын бир туугандык мамилеси өнөктөштүктү өрчүтүүгө чоң өбөлгө түзүп жатканына токтолду.  

Ошондой эле парламенттер аралык диалогду кеңейтүү маселелери тууралуу да сөз кылган Төрага аталган багыттагы байланыштарды тармактык комитеттердин жана достук топторунун деңгээлинде да улантуу зарылчылыгын белгиледи. 

“Өткөн жылы өзүңүз баштаган Улуу Улуттук жыйындын делегациясы Кыргызстанга расмий сапар менен келип, парламенттер аралык алакаларыбыз жаңы баскычка көтөрүлгөн. Кезектеги бул жолугушуубуз да ийгиликтүү болуп, кыргыз-түрк кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берет деген ишеничтемин. Алдыда да биргелешкен иш-чараларды байма-бай өткөрүп, ТүркПА сындуу эл аралык аянтчалар аркылуу да эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүбүз керек. Айрыкча өлкөлөрүбүз ортосунда жетишилген келишимдерди тез арада ратификациялап, кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошуубуз зарыл”, – деди Төрага Нурланбек Тургунбек уулу. 

Жолугушууда экономикалык алакалар тууралуу да кеп кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү максаты коюлганын эске салды. Ошону менен катар Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу жаатында жасалып жаткан иштерге да учкай токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу түркиялык ишкерлерди энергетика, тоо-кен, өнөр жай сындуу артыкчылыктуу тармактарга инвестиция салууга чакыра кетти. 

Андан тышкары, Төрага боордош эки мамлекеттин байланышын бекемдөө үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартуу демилгесин көтөрүп, быйыл өтө турган кезектеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстан Түркиянын спортчуларын жана расмий өкүлдөрүн күтөрүн белгиледи.  

Жогорку Кеңештин Төрагасы билим берүү жаатындагы кызматташтык боюнча пикирин айтып, эки өлкөнүн аталган багыттагы өнөктөштүгү башка мамлекеттер үчүн үлгү экенин кошумчалады. Буга мисал катары “Манас” университетин белгилеп, жакынкы аралыкта аталган окуу жай дүйнөдөгү алдыңкы 500 окуу жайдын бири болоруна ишеним артты.  

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Нурланбек Тургунбек уулун кайрадан Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, чакырууну кабыл алып эң алгачкы расмий сапарын Анкарага жасаганы үчүн ыраазычылык билдирди. 

“Бул окуя биз үчүн өтө маанилүү. Расмий сапарыңыз ырааттуу өнүгүп жаткан кыргыз-түрк кызматташтыгына жаңы дем берип, парламенттер аралык эле эмес, мамлекеттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түзөт деген үмүттөмүн. Түркия боордош кыргыз эли менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар. Бизди стратегиялык алакалар гана жакындатпастан, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жана боордоштук мамиле бириктирип турат”, – деди Нуман Куртулмуш. 

Муну менен катар саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү башкы максат экенин кошумчалаган Нуман Куртулмуш аталган багытта бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатканын мисал кылды. 

 

Последние новости