www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп 20-январда Бишкек убактысы боюнча 23:00дө ант берип, АКШнын президенти кызматына расмий киришти. Инаугурация Вашингтондогу Капитолий Ротундада өттү.

Бүгүн, 21-январда Трамп 100дөн ашык буйрукка кол коюуну көздөп жатат. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:

-- «Инклюзивдүүлүк» боюнча бардык мамлекеттик программаларды токтотуу;

--Жыныстык таануунун эки гана түрүн – эркек жана аял – мыйзамдык жактан бекитүү;

--Энергетика секторунда өзгөчө кырдаал жарыялоо;

--Эркин сөздү кайтаруу үчүн өкмөттүк цензураны токтоосуз жокко чыгаруу;

-- Мексика булуңунун атын «Америка булуңу» деп өзгөртүү.

Инаугурациялык сөзүндө Трамп мындай билдирүүлөрдү жасады:

-- «Биз азыр жүрүп жаткан согуштарды токтотобуз»;

-- «Мен – тынчтык орнотуучу адаммын»;

-- «Бүгүнтөн тартып Американын «алтын доору» башталат»;

-- «Жыныстардын эки түрү гана бар: эркек жана аял»;

-- «Биз Панама каналын кайра кайтарып алабыз»;

-- «Астронавттарыбызды жаңы планеталарды изилдөөгө жөнөтөбүз, алардын максаты Марс болот»

ММКлар билдиргендей, Трамп Россия менен Украинаны бир да жолу эскерген жок.

 

Последние новости