www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп Америка менен Мексиканын чек арасында өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн инаугурациялык сөзүндө айтты.
"Бүгүн мен бир катар тарыхый жарлыктарга кол коём жана биз Американы калыбына келтирип, акыл- эстүүлүктүн революциясын баштайбыз. Биринчиден, мен түштүк чек арабызда өзгөчө кырдаал режимин жарыялайм", - деди Трамп.
Ал чек арадагы мыйзамсыз өтүүлөргө бөгөт коюла тургандыгын тактады.
Ошондой эле, Трамптын айтымында, АКШ миллиондогон кылмышкерлерди өз өлкөлөрүнө кайтаруу процессин баштайт. АКШда башпаанек издеген адамдар уруксатты Мексикада күтүшү керек болот.
АКШнын жаңы президенти түштүк чек арага жөнөтүүгө убада берди. Ошол эле учурда мексикалык картелдер эл аралык террордук уюмдар деп табылат.
Трамп инаугурациялык сөзүндө Панама каналы кайтарыла турганын билдирди.
"Америкалык кемелер ашыкча төлмдөрдү төлөшөт жана анын ичинде АКШнын деңиз флотуна дагы адилеттүү мамиле жасалбайт. Кытай Панама каналын башкарып жатат, биз аны Кытайга берген эмеспиз, каналды биз каналды Панамага бергенбиз. Эми биз аны кайтарып алабыз", - деди Трамп.