www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Португалия курама командасынын футболчусу Криштиану Роналду Ак үйдө ардактуу конок катары кечки тамакка катышып, АКШнын президенти Дональд Трамптын үй-бүлөсү менен жолугушту. Бул тууралуу АКШ администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Трамп Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды Ак үйдө коноктоду. Ага атактуу футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунун оюнчусу катары ханзааданын урматына арналган иш-чарага чакырылган.
Трамп футболчуга катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын президенти кичүү уулу 19 жаштагы Баррон Трамп Роналдунун чоң күйөрманы экенин айтты.
40 жаштагы Криштиану Роналду беш жолку «Алтын топтун» ээси, беш жолку Чемпиондор Лигасынын, Европа чемпионунун, эки жолку Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү жана улуттук курама командалардын, Европа чемпионаттарынын жана Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчу.