www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Дональд Трамп Кошмо Штаттар акырындык менен Вашингтон үчүн алгылыктуу боло турган Иран менен келишимге жакындап калганын билдирди. Бирок, ал келишимге жетүүгө шашылбай турганын айтып, эгер келишим жетишилбесе, Иранга каршы аскердик аракеттерди кайра баштоо менен коркутту.
«Мен эч жакка шашпайм. Бирок келишим түзүлгөндөн кийин бензиндин баасы канчалык төмөндөй турганын элестеткенде шашкым келип кетет. Бирок шашканда жакшы келишимге жетише албайсың», - деди Трамп Fox News каналына берген маегинде.
Буга чейин, АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы согушту токтотуу боюнча потенциалдуу келишимдин шарттарын катаалдатып, жаңыланган документти Тегеранга жөнөттү, деп билдирген «The New York Times» булактарга таянуу менен.
«Axios» басылмасынын маалыматы боюнча, Трампка Ирандагы байытылган уран запастарын утилизациялоо жана аны мындан ары өндүрүүгө чектөөлөр боюнча пункттар жаккан эмес. «Мындан тышкары, АКШ президенти Ормуз кысыгында кеме каттамдарын калыбына келтирүүнү жөнгө салган аныктамаларды өзгөртүүнү каалаган», - деп билдиришкен порталдын булактары.
Америкалык ЖМКлар мурда кабарлагандай, бул документ эки өлкөнүн сүйлөшүүчүлөрү тарабынан мурда эле макулдашылган болчу. Ал ок атууну токтотуунун базалык шарттарын бекитиши керек, ал эми майда-чүйдө маселелерди талкуулоону тараптар кийинки сүйлөшүүгө калтырууну көздөшүүдө.