www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальныйдын ууланышына байланышкан пикирлерге: “Далилдерди кылдаттык менен карайбыз. Мындай окуя болбошу керек эле. Эгер болсо, бул мени кыжырдантат”, - деди. Бул тууралуу milliyet.com.tr сайты жазып чыкты.

Ак үйдө өткөрүлгөн басма сөз жыйынында АКШнын президенти Дональд Трамп күндөлүк жаңылыктарга байланыштуу ойлору менен бөлүштү.

Өзүнүн башкаруусундагы экономикалык ишмердүүлүктү мактап, өлкөсүнүн жаңы түр коронавирус менен күрөшүүдө жакшы натыйжа көрсөтүп жатканын белгилеген Трамп, бюджетте колдонулбаган 300 млрд доллар эсебинде каражат бар экенин жана бул сумма америкалык жарандардын илдет менен күрөшүүсүнө каршы колдонулаарын айтты.

Россиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын уулангандыгы боюнча Германия менен тыгыз иштешип жатканын, уулануу боюнча жыйынтыкты көргөнүн билдирди.

Трамп: “Мындай окуя такыр болбошу керек эле. Биз дагы буга байланышкан так жыйынтыкка ээ боло элекпиз. Кылдат карап жатабыз. Темага байланыштуу бардык мамлекеттер менен иш алып баруудабыз. Эгер, айтылгандар чындык болсо, бул мени кыжырдантат. Негизи Путин менен жакшы мамиледебиз, бирок Россияга менден башка эч ким катаал мамиле кылган эмес. Эгер, Германия бул боюнча Россияга каршы кадам таштаса, бул менин көйгөйүм эмес. Ошентсе да, Россия күнөөлүү деп табылса, анчалык сүйүнбөйм” - деди өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости