www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Алып баруучу Лилия Абдыбаитова турмуш жолуна аттанып, учурда наристе күтүп жаткан учуру. Мындай жагымдуу жаңылыгын куттуктап, кош бойлуулугу, үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу маектештик.

– Лилия айым, сиз үчүн абдан кубанычтамын! Азыркы тапта кош бойлуулуктун канчанчы айына келдиңиз? Баракчаңызга таттууга талгак болуп жатканыңызды жаздыңыз эле.

– Рахмат. Буюрса, кош бойлуулуктун жетинчи айындамын. Ден соолугум Кудайга шүгүр, жакшы. Ооба, баракчама жазып өткөндөй эле таттууларга талгак болдум. Анан башка бирөөнүн тамагы даамдуу сезилип эле үйдө өзүм жасаган тамактарды жегим келбей калган. Ушул нерсени түшүнүп кесиптештерим, жакындарым мага тамак алып келип берип же үйүнө тамакка чакырып турушат.

– Ортодогу чоң тыныгуудан кийин кош бойлуулук кандай кыйынчылыктар менен өтөт экен?

– Ооба, ортодон 15 жылдан ашык убакыт өтүп кетти да, мынчалык узак тыныгуудан соң кыйын эле болот экен. Бат чарчап, уйкуң келип, бир аз оорураак болот экенсиң. Же мен ушундай көтөрүп жатамбы, билбейм.

– Уулуңуз буга чейин жалгыз бала болуп көзүн караганга көнгөн да, бөбөктүү болорун кандай кабыл алды?

– Негизи эле жолдошумдун ата-энеси, менин ата-энем, дегеле баарыбыз эле наристе жытын сагынып калыптырбыз. Баары эле бөпөлөп, көзүмдү карап турушат. Ошолордун ичинен да мага эң көп мээримин төккөнү уулум болду. Мен дагы өзүмчүл болуп калабы деп жаттым эле, тескерисинче, бөбөктүү болорун билгенден бери мүнөзү өзгөрүлдү. Үйдөн мага эч нерсе жасатпайт, бир нерсе кылайын деп жатсам эле колумдан алып “өзүм жасай коёюн, жардам берейин” деп турат. Кечинде сейилдөөгө чыксам да жанымда. Кош бойлуу кезде бир нерсе жегиси келсе алып бериш керек деген сөз уккан окшойт, туруп эле “эмне жегиңиз келип жатат?” деп сурап калат. Анан өзүнүн топтогон акчасынан бир нерселерди көтөрүп келе берет. Кээде бир кичинекей нерсе сурасам өзүнүн акчасын кошуп эки эсе көп алып келет.

– Сиздин турмуш жолуна аттанганыңызды билбеген күйөрмандарыңыз да бар экен. Жүрөгүңүздү багындырган мырза тууралуу айта кетсеңиз.

– Ооба, менин турмушка чыкканымды билбегендер да бар экен. Жолдошумдун аты Акыл. Котормочу болуп эмгектенет. Экөөбүз өткөн жылдын июль айында баш кошконбуз. Жолдошум мени жашоого болгон көз карашы менен арбап алды десем болот. Абдан оор басырыктуу, көп сүйлөбөй бир эле айткан жигит. Экөөбүз интернет аркылуу таанышканбыз. Ал бир жыл мурда 8-Март майрамына карата куттуктоо сөздөрүн жазган экен, бирок, мен ага көңүл деле бөлбөптүрмүн. Кийин дагы өзгөчө сөздөрдү тизмектеп куттуктоо жиберген экен, ошол смс билдирүүсүнө ыраазычылыгымды айтып жатып таанышып калганбыз. Экөөбүз тең жашоонун оош-кыйыштарын башыбыздан өткөргөнбүз. Ошондон улам жашоону, үй-бүлөлүк мамилени баалап, түгөйүңдүн колдоосуна муктаж болуп турган мезгилде бири-бирибизге жолуктук. Чындыгында, башкалардан издеген сапаттардын баарын жолдошум Акылдан таптым. Ал мага көп жерден колдоо көрсөтөт.

– Чоңоюп калган баланы жаңы үй-бүлөгө көндүрүү кыйын го, сиз кантип даярдадыңыз уулуңузду?

– Эмир 16 жашка чыкты. Чындыгында кыз бала ийкемдүүрөөк болот эмеспи, ал эми эркек бала кызганчаак болот экен. Анүстүнө мурда менин жанымда эркек киши жүргөнүн көргөн эмес да. Уулум да башында кызганганып, кабыл алгысы келбей, бир нерсени жактырбагандай болуп жүргөнүн байкачумун. Бул маселе тууралуу Акыл экөөбүз башынан эле сүйлөшкөндө, ал: “Мага убакыт берсең тил табышып кетем” деп айткан. Айткандай эле экөө бара-бара ата-бала болуп жуурулушуп кетишти. Эсимде, атасы менен алгач таанышканда эле “апамды таштап кетпейсизби? Апамды колдойсузбу?” деп чоң кишилер берген суроолорду берген. Ошондо аябай таң калгам, уулумдун чоң жигит болуп калганын билгем. “Сиз менен өзүнчө сүйлөшүп келейин” деп экөө сейилдеп кетишкенде “эмне деп сүйлөшүп келишет болду экен” деп аябай коркком ачыгын айтканда. Келгенде балам “мени түшүнөт экен” деп айткан. Акыл атасынын көзү эрте өтүп кетип, апасын кызганып жүргөндөгү сезимдери менен бөлүшүп, экөө жашоо тууралуу сүйлөшкөн экен. Кудайга шүгүр, азыр үчөөбүз чогуу жашайбыз. Көз тийбесин, уулум менен жолдошум жакшы мамиледе.

– Көп убакыт жалгыз бой жүрдүңүз, өзүңүз каалаганды кылчусуз дегендей. Азыр жолдошуңуз бар экендигине көнүп калдыңызбы?

– (Күлүп) Башында бир жакка баратканда айтууну унутуп калып эле кеткенге камынып калсам, “ооба, эми өзүң билесиң да” деп тамашалап калчу Акыл. Алдын ала айтып койбогонумду ошондо эстечүмүн. Мындай учурлар Акылда да болуп атты. Бир жолу сыртка чыгып кеткен, бир аздан кийин балмуздак жеп келатат. “Магачы?” десем, ал дагы “сени унутуп калган турбаймынбы” деп күлгөнбүз.

– Турмушка чыккандан кийин деле мурдагыдай эле иштеп жатканыңызды көрүп жатабыз, эркиндик жагынан көйгөй жок окшойт?

– Турмушка чыгарда койгон талаптарымдын бири ушул болгон. “Мен жумушта жүрүп көнгөн жанмын, анүстүнө, карьерамдагы жетишкендиктеримдин баарына өз күчүм менен жеткем. Анан ушунун баарын бир күндө жок кылып алгым келбейт” деп айткам. Үй-бүлө менен карьерамды бирге алып кеткенге аракет кыларымды билдирип, үйдө отурсам өзүнө эле жаман экендигин айтып күлгөм. Өзү деле аял кишинин үйдө отурганын колдобойт, ошондуктан иштөөмө уруксатын берген. Ошого бул жаатта эч кандай көйгөй болгон жок. Тескерисинче, мени колдоп турат. Азыр деле мурунку эле жумуштарымда иштейм. Болгону кырдаалга байланыштуу “Мегаком” компаниясындагы жумушумду аралыктан үйдөн иштейм, радиодон эс алууга чыккам.

– Жолдошуңуз эмне себептен сүрөтүн гезитке, баракчаңызга чыгарууну каалабайт?

– Жолдошум көңүл борбордо болгонду жактырбайт. Башкалардын “бул Лилиянын жолдошу турбайбы” деп сүйлөп, колу менен кесеп көрсөткөндөрүн каалабайт. Муну мен туура түшүнөм. Ар кимдин ар кандай көз карашы бар, баарына жага бербейсиң. Менде го, ар кандай сөздөргө иммунитет пайда болгон. Андыктан жолдошумдун бул тандоосуна мен макулмун. – Маегиңизге рахмат! Бактылуу болуңуздар! Аман-эсен көз жарып алыңыз!

Айгерим Токтобай кызы

Булак: lady.kg

Последние новости