www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп 20-январда Бишкек убактысы боюнча 23:00дө ант берип, АКШнын президенти кызматына расмий киришти. Инаугурация Вашингтондогу Капитолий Ротундада өтүүдө. Бул Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү.

"Американын алтын доору азыр башталат жана ушул күндөн баштап биз гүлдөп өнүгөбүз жана ар бир улуттун көз артуусунда болобуз" деди Трамп.

Ал эми, Жеймс Дэвид Вэнс АКШнын вице-президенти катары ант берди.

Салтанатка Билл Клинтон, Жорж Буш, Барак Обама , Жо Байден Камала Харрис менен, ошондой эле чет элдик лидерлер – Италиянын премьер-министри Джорджио Мелони, Аргентинанын президенти Хавьер Майли жана Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн катышты.

Коноктордун арасында америкалык технологиялык компаниялардын жетекчилери бар: Илон Маск, Джефф Безос (Amazon), Марк Цукерберг (Meta), Тим Кук (Apple) жана Сундар Пичай (Alphabet/Google).

Последние новости