www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,  20-январда Путин Трампты президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктап, диалогго даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин жаңы шайланган АКШнын президенти Дональд Трамп инаугурациядан бир нече күн өткөндөн кийин Орусиянын башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү уюштурууну жардамчыларга тапшырган CNN басылмасы жазган.

"Биз АКШнын жаңы шайланган президентинин Орусия менен түз байланыштарды калыбына келтирүү каалоосу жөнүндө жана үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоо үчүн бардыгын жасоо зарылчылыгы жөнүндө билдирүүлөрүн көрүп жатабыз. Албетте, биз мындай мамилени кубаттайбыз жана АКШнын шайланган президентин кызматка киришүүсүн куттуктайбыз", - деди Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуунун алдында.

Ал кошумчалагандай, Москва эч качан Вашингтон менен диалогдон, анын ичинде “Украина чатагы боюнча” баш тарткан эмес. Путиндин айтымында, азыр эң негизгиси Украинадагы "кризистин түпкү себептерин жок кылуу" жана "кыска мөөнөттүү элдешүү" эмес, "Бул аймакта жашаган бардык адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого негизделген узак мөөнөттүү тынчтыкка" жетишүү. 

Последние новости