www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлекте 10 жылга жакын издөөдө жүргөн жаран башка өлкөдөн кармалып келди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек районунун Раззаков шаарынын 39 жаштагы тургуну 2015-жылы бейбаштык жасап, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында из жашырып кеткен. 2015-жылдын август айынан бери Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүүнүн жүргөн жери аныкталган эмес.

Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында Орусияда экендиги аныкталып, орусиялык кесиптештердин жардамы менен кармалып, Лейлек РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости