www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эркек киши өзүн-өзү өрттөп жиберген. Бул окуя боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти.
«20-январда болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Башкы прокуратуранын маңдайындагы унаа токтотуучу жайда эркек кишинин өзүнө өрт койгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө, 1994-жылы туулган М.Э. аттуу жарандын өзүнө өрт койгону аныкталган. Буга анын 500 миң АКШ долларын уурдоо фактысы боюнча шектүүгө карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жана баш коргоо чарасына макул эместиги себеп болгон.
Ал 2024-жылдын 17-июлунда милицияга кайрылып, 2023-жылдын 4-октябрында алдамчылык жолу менен 63 миң долларлык мүлкүн ээлеп алган жарандын үстүнөн арыз жазган. 17-ноябрда аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Териштирүү иштери аяктаган соң, иш Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Экинчи арызы тууралуу төмөнкүлөр маалым болгон. Ал Т.А. аттуу жаран анын 500 миң долларын ээлегеп алганын билдирген. Аталган сумманын 414 миң 799 доллары А.И. аттуу жаранга тиешелүү болгон. Ал бул факты боюнча Биринчи Май РИИБге кайрылган. 3-декабрда бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Иш каралып жатканына байланыштуу тергөө учурунда тараптардын бардык жүйөлөрү иликтенип, учурдагы мыйзамдардын негизинде чечим кабыл алынат»,- деп айтылат маалыматта.