www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде импичмент жарыялоо жараянынын жыйынтыгы жөнүндө комментарий берди. Сенаторлор Өкүлдөр палатасынын айыптоолорун бир добуштан четке кагышып, Трампты акташкан.
Трамп Ак Үйдө тарапташтарына кайрылып жатып, импичмент жараянын «ыпылас полициячылардын», «калпычылардын», «ушакчылардын» иши деп атады. Трамптын айтымында, импичмент маселесин талкуулоо учурунда мындай оор күндөрдү бир дагы президент башынан өткөргөн эмес. «Тозоктон өткөндөй эле болдук», – деди Трамп. АКШ президенти Украина жана атаандашы Жо Байденге карата эч кандай мыйзам бузбаганын белгиледи.
Президент демократтар аны дайыма бийликтен четтетүүгө аракет жасап келгенин кошумчалады. Демократтардан тышкары ал ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Комини сындады. Ал республикачылардын арасынан анын кызматтан кетиши үчүн добуш берген сенатор Митт Ромнинин жоругуна өкүнгөнүн да айтты.
Трамп «Кызматынан кыянат пайдалануу» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча акталып, андан бардык айыптоолор алынган.
Биринчи берене боюнча 48 сенатор президентти «күнөөлүү», 52си «күнөөсүз», экинчи берене боюнча 47си «күнөөлүү», 53ү «күнөөсүз» деп добуш берген. Трампты кызматтан кетириш үчүн демократтар добуштардын үчтөн экисин же 100 сенатордун 67синин колдоосун алышы керек болчу.
АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти Зеленскийди өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. АКШ президенти бул дооматтарды четке кагып келген.