www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп эгер АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу барымтадагы израилдиктерди тез арада бошотуп, каза болгондордун сөөгүн өткөрүп бербесе уюмду "жок кыларын" айтып коркутту.
Truth социалдык түйүнүнө ал Израилге "ишти аягына чыгаруу" үчүн керектүү нерсенин баарын жөнөтүп жатканын жазды. "Мен айткандай кылмайынча ХАМАСтын бир дагы мүчөсү коркунучсуз болбойт”, - деп белгиледи.
Трамп согушкерлердин барымтасынан бошотулган, ХАМАС өмүрүнө коркунуч жараткан адамдар менен жолукканын айтып, радикал топтун жетекчилигинен Газа тилкесинен "кеч болуп кала электе" тез арада чыгып кетүүнү талап кылды.
Трамп Газанын тургундарына кайрылып, эгер алар эч кимди барымтага албаса "жаркын келечек" болорун убада кылды. "Эгер барымтага ала турган болсоңор өлөсүңөр. Акылыңарга келгиле", - деп жазды ал.
28-февралда ХАМАС АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрүнөн турган арачылар келишимдин мындан аркы баскычтары ишке кирет деген кепилдик бермейинче биринчи этапты узартууга көнбөй турганын билдирген.
Израил бийлиги тараптар ортосунда 19-январда күчүно кирген макулдашууга таянып, мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса 1-марттан кийин кайрадан ок атууга укуктуу экенин эскерткен.
Ал келишим Газада 15 айга уланган согушту убактылуу токтоткон. 42 күнгө созулган биринчи баскычта 33 киши согушкерлердин барымтасынан кое берилип, эки миңдей палестин Израилдин абактарынан чыгарылган.
Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бардыгын жазды.