www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Хиллари Клинтонду жана Демократиялык партиянын жетекчилигин 2016-жылдагы шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүгө аракет кылып, анын Орусия менен тил табышканы тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыптаганы үчүн сотко берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«2016-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Хиллари Клинтон жана анын жан-жөкөрлөрү акыл-эсти солкулдаткан жана өлкөнүн демократиялык негиздерине шек келтирген ойго келбеген кутум уюштурушту. Алар биригип иш алып барып, республикалык партиядан көрсөтүлгөн атаандашы Дональд Дж. Трамп душмандык тышкы күч менен тил табышып алган деген жалган баянды жарыялап, арам ойлуу бүтүм чыгарышкан», - деп айтылат билдирүүдө.
Трамп айыпталуучулардын бирден-бир максаты - аны «каралоо» жана шайлоодогу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгаруу болгон деп ырастады.
Булак: NazarNews.kg