www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согушта аскердик кызматын өтөп жатып курман болгон Орусия жараны, Кыргызстанда туулган Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында бүгүн жерге берилди. Аскердин денеси кечээ, 24-мартта, Орусиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары кичи мекени Кара-Ой айылына жеткирилген. Маркумду узатуу зыйнатына Орусиянын жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышты.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияда аскердик милдетин өтөп жатып Орусия жараны, Кыргызстанда туулган, Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишим менен иштеген катардагы жоокер Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болгонун кабарлаган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости