www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Францияда өткөн “Чоң жети” (G7) саммитинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жакшы жолугушуу болгонун айтып, Украинадагы согуш кайрадан Вашингтондун негизги тышкы саясат багыттарынын бири болушу мүмкүн экенин билдирди.
Трамп буга чейин АКШнын көңүлү Ирандагы кырдаалга бурулганын, бирок азыр ал маселе артта калганын белгилеп, эми Украина боюнча дипломатиялык аракеттерди жандандырууга кызыкдар экенин айтты.
Ал Орусияны согушту токтотуу боюнча келишимге барууга чакырып, Зеленский менен дагы жолугушарын кошумчалады.
Ошол эле учурда G7 саммитинде Украинага колдоо күчөтүлүп, абадан коргонуу жана дипломатиялык демилгелер талкууланды. Британия Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизип, “көмүскө флотко” байланышкан мунай ташуучу кемени кармады.
Согуш талаасында болсо олуттуу өзгөрүү жок экени, ал эми Украина жана Орусия бири-бирине дрон жана ракета чабуулдарын улантып жатканы айтылды.