www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы Асман шаарынын курулуш объектисинде иштеген 27 жаштагы котормочу кызды сабаган Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июнда Ысык-Көл РИИБге Бишкек шаарынын тургуну, 1998-жылы туулган Э.М. арыз менен кайрылган.
Арызда Л.Ю. аттуу чет өлкөлүк жаран анын аброюна шек келтирип, уруп, бетине түкүрүп, бейбаштык аракеттерди жасагандыгы көрсөтүлгөн.
Аталган арыз Ысык-Көл РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алдын ала текшерүү учурунда арыздануучу Э.М. Ысык-Көл районунун аймагындагы курулуш компанияларынын биринде котормочу болуп эмгектенери аныкталган.
Ошондой эле, 2026-жылдын 15-июнунда болжол менен саат 19:13 чамасында ал сейилдеп жүргөн учурда Л.Ю. аттуу чет өлкөлүк жаран анын жанына келип, бетине уруп, түкүрүп жибергени такталган.
Аталган факты боюнча дене жаракаттарынын оордук даражасын жана укуктук квалификациясын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бүгүн, 17-июнда соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде, Ысык-Көл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.Ю. кылмышка шектүү катары аныкталып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин жабырлануучу бул окуя тууралуу социалдык тармакта билдирип, кол салган жаранга чара көрүлбөй жатканын айткан.