www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы нааразычылык акцияларын улантууга чакырды. Ал бул тууралуу өзүнүн Truth Social социалдык медиа аккаунтуна билдирүү жарыялады.
«Ирандык патриоттор, нааразычылык акцияларын уланткыла – мекемелерди өз көзөмөлүңөргө алгыла!!!... Жардам жолдо бара жатат», - деп жазган Трамп.
Америкалык лидер ошондой эле нааразычылык акцияларынын катышуучуларын өлтүрүү токтомоюн Ирандын расмий өкүлдөрү менен болгон бардык жолугушууларды жокко чыгарганын жарыялады.
Тегерандын расмий маалыматтарына ылайык, нааразычылык акцияларынан каза болгондордун саны 2000ге жетти.
Жекшемби күнү Дональд Трамп эгерде өлкөнүн коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияларын басууну уланта берсе, АКШ Ирандагы объектилерге аскердик сокку урушу мүмкүн деп билдирген.