www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы «Ош базары» объектисиндеги курулуш иштеринин жүрүшү 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. 

Ал өз сөзүндө: Президенттин тапшырмасынын негизинде курулуп жаткан Жаңы «Ош базары» биринчи кезекте жарандар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап соода мейкиндигин түзүүгө багытталган. Бул объект шаар тургундарына жылдын бардык мезгилинде ыңгайлуу шартта соода кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун өзөгүндө соодагерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулган. Буга чейин базарда эмгектенген соодагерлер ачык асман алдында, кыштын суугуна жана жайдын аптаптуу ысыгына чыдап иштөөгө аргасыз болушкан. Жаңы шарттар эмгек үчүн ыңгайлуу микроклиматты камсыздап, адамдардын саламаттыгын коргоого багытталган.

Ден соолук — адам үчүн эң баалуу байлык. Аны жоготуу менен адам көп нерседен ажырайт. Ушул мааниде Жаңы «Ош базары» жарандардын бакубаттуулугуна, коопсуздугуна жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү социалдык объект болуп саналат.

Заманбап соода инфраструктурасы санитардык талаптарга толук жооп берип, иреттүү жана коопсуз шарттарды түзөт. Жаңы «Ош базары» шаар үчүн жаңы стандарттарды белгилеп, сооданы соода борборлорунун деңгээлинде уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда объекттеги курулуш иштери графикке ылайык улантылып, долбоор белгиленген талаптарга ылайык этап-этабы менен ишке ашырылууда.

Кудайым буюрса, ушул айдын аягында аталган соода комплексинде коммерциялык жайларды сатууга старт берилет, - деди.

Последние новости