www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын толугу менен багынып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Америка лидеринин айтымында, Тегеран "көз салуучу мыкты жабдууга" жана көп сандагы башка коргонуучу техникага ээ, "бирок мунун баары америкалык курал-жарактын жанында шоона эшпейт".
"Курал-жаракты Америкадай болуп эч ким мыктап жасай албайт", — деген Ак үйдүн ээси.
АКШ президентинин айткандарынын урунттуу учурлары:
Ирандын аба мейкиндиги азыр толугу менен Кошмо Штаттардын көзөмөлүндө;
Ирандын руханий лидери аятолла Али Хименеинин кайда экени белгилүү. Вашингтон аны жок кылууну көздөбөйт, "азыр эмес";
Трамп иран маселесин чечүүгө америкалык аскерлерди аралаштырууну каалабайт, бирок чыдамы түгөнүп баратат.
АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча истребителдерди жөнөтүп, ал жактагы авиациялык күчтөрдүн жүрүү мөөнөтүн узартты. Америкадан келген учактар F-16, F-22, F-35 моделдерин камтып, абадан коргонуучу каражаттын компоненти болуп саналат. РИА Новости берген маалымат боюнча, Вашингтон, мындан тышкары, америкалык аскер контингентин коргоо үчүн борбордук командачылыктын жоопкерчилигиндеги аймакка USS Nimitz кемеси башында турган абадан бомбалоочу учактардын тобун жеткирүүдө.
АКШнын аскер күчтөрү "улуттук кызыкчылыкты көздөп" Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабында операцияларын улантып жатат.