www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Балыкчы шаарынын аймагында мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана мүлктүк комплекстерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында мурда УСМ-4 ("Геоминвод") мүлктүк комплекси болуп саналган, 5192 кв. м өлчөмүндө курулуш жайгашкан жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Алсак, УКМК органдары тарабынан көрсөтүлгөн өнөр жай объекттери жана жер участоктору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен мамлекеттин балансынан чыгарылгандыгы аныкталган.
Объекттерди жана мурдагы мамлекеттик ишкананын жер тилкелерин мамлекетке кайтарып берүүгө менчик ээлери өз ыктыяры менен макул болушкан.