www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранга жаңы жетекчини издөөгө убакыт келди. Аятолла Али Хаменейдин 37 жылдык башкаруусу аякташы керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Politico басылмасына берген билдирүүсүндө айтты.
Трамп акыркы үч жуманын ичинде Иран боюнча миңдеген нааразылык акцияларынын катышуучулары өлтүрүлгөнүн белгилеп, буга байланыштуу Иран жетекчилигине аскердик кийлигишүү мүмкүн экенин эскерткенин айтты. Алгач ирандыктарды нааразылык акцияларын улантууга чакырган Трамп, кийинчерээк киши өлтүрүүлөр токтогону тууралуу маалымат алганын билдирди.
АКШ президенти Ирандын жогорку лидери Али Хаменейдин 800дөн ашуун адамды өлүм жазасына тартпоону чечкенин “эң туура чечим” деп баалады.
Ошондой эле Трамп расмий Тегеран өлкөнү зомбулук жана репрессия аркылуу башкарып, мамлекетти кыйроого алып келип, миңдеген адамдардын өмүрүн кыйып жатканын айтты. Анын айтымында, чыныгы лидерлик коркуу жана өлүмгө эмес, урмат-сыйга негизделиши керек.
— Бул адам оорулуу. Ал өлкөсүн туура башкарууга жана адамдарды өлтүрүүнү токтотууга тийиш. Анын өлкөсү адамдар үчүн жашоого эң жаман жер. Себеби лидерлик сапат алсыз, — деп кошумчалады Трамп.