www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияда жана Гренландияда миңдеген адамдар АКШнын президенти Дональд Трамптын Арктикадагы аралды АКШга өткөрүп берүү тууралуу талабына каршы демонстрацияга чыгышты.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, Даниянын борбору Копенгагенде нааразычылык акциясынын катышуучулары АКШнын элчилигинин жанына чогулуп, «Гренландия сатылбайт», «Гренландиядан колуңарды тарткыла», «Тилектештик!» деген ураандарды чакырып, Гренландиянын желектерин көтөрүп жүрүштү.

Гренландиянын борбору жана эң ири шаары Нуукта да миңдеген адамдар ушундай эле акцияга чыгышты. Алардын арасында Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен да болду.

Айрым демонстранттар Дональд Трамптын тарапкерлери кийип жүргөн “Make America Great Again” («Американы кайрадан улуу кылалы») деген жазуусу бар кызыл кепкаларга окшош, бирок “Make America Go Away” («Американы кетүүгө мажбурлайбыз») деген ураан жазылган кызыл кепкаларды кийип чыгышты.

Бул акциялар АКШ президенти Дональд Трамптын АКШнын Гренландияга болгон көзөмөлүнө каршы чыккан өлкөлөргө кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүү мүмкүн экендиги тууралуу жаңы коркутууларынын фонунда өттү.

АКШ президенти 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерландия жана Финляндиядан келген товарларга 10% пошлина киргизилерин билдирди. Мындан тышкары, эгерде Гренландияны “толук жана акыркы сатып алуу” ишке ашпаса, тариф 1-июнда 25% га чейин көтөрүлөт.

16-январда АКШнын делегациясы Копенгагенге келип, Дания жана Гренландиянын жетекчилери менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Последние новости