www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы президент Дональд Трамп саясий кеңешчилеринен ага импичмент жарыялоону колдогон 10 республикачы конгрессмен жөнүндө маалымат берүүнү суранды. Бул тууралуу “The Wall Street Journal” булактарына таянуу менен билдирди.

Белгиленгендей, мамлекет башчы анын мурдагы жактоочулары демократтардын тарабына өтүп кетет деп коркуп, алар менен бир нерсе кылгандыгын билгиси келген. Трамп ошондой эле акыркы күндөрү республикачылардын конгрессмендери менен байланышып, импичмент алдында өзүн коргоо үчүн кайсы адвокаттарды жалдоо керектигин талкуулады.

Маалыматка ылайык, Трамптын кеңешчилери аны жеке адвокаты Руди Джулиани менен байланышпоого үндөшкөн. 6-январда учурдагы президент Дональд Трамптын тарапкерлери АКШ Конгрессинин имаратын басып алышып, парламент шайлоонун акыркы жыйынтыгын бекитиши керек болгон сессияны үзгүлтүккө учуратышты. Окуядан беш адам каза болгон. Вашингтондогу башаламандыктардан кийин, Өкүлдөр палатасынын сот комитетинин төрагасы Джерри Надлер Трампка импичмент жарыялоону жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүргүзүүгө чакырды. АКШнын Сенаты Трампка каршы импичмент боюнча айыптарды президент Джо Байдендин 20-январда инаугурациясынан бир саат өткөндөн кийин карап башташы мүмкүн.

Трамп АКШнын тарыхында Өкүлдөр палатасы тарабынан эки жолу импичмент жарыяланган биринчи Президент болуп калды. Учурдагы президент Трампка биринчи жолу 2019-жылы декабрда импичмент жарыяланган. Ошол кездеги конгрессмендер Трампты бийликти кыянаттык менен пайдаланып, Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылып жатат деп айыпташкан. Бирок Сенат Трампты актаган болчу.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости