www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саламаттыгы начарлады деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

“Мындай маалымат орунсуз болду деп ойлойм. Келгиле, мен мындай айтайын, маалымат каражаты (CNN — ред.) орунсуз жаңылык жарыялаган деп ойлойм. Алар (ушул жаңылык үчүн) эски документтерди колдонушканын уктум. Бул кабар ыксыз, ошондой эле орунсуз болгонуна ишенип турам”, — деди Трамп.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын операциядан кийин ден-соолугунун начарлап кеткендиги боюнча иликтөө жүргүзүп жаткандыгын кабарлаган.

Түштүк Кореянын Daily NK гезити Түндүк Кореянын маалымат булагына таянып, Ким Чен Ын жүрөк-кан тамыр системасында операция жасалып, дарыланып жаткандыгын билдирди.

Учурда Түндүк Кореянын лидери Пхеньяндан 100 км түндүк-чыгышта жайгашкан Мёхянсан тоолорундагы дачада дарыланып жатат.

Эске салсак, 12-апрелде Пхеньян клиникасынын мыкты хирургдары КНДРдин жогорку лидерлерине арналган ооруканага чакырылган. Керектүү процедуралардан өткөндөн кийин Ким Чен Ындын абалы жакшырып, 19-апрелде көпчүлүк дарыгерлерге үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости