www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп мамкатчы Рекса Тиллерсонго жолугуп, президентке жакын адамдардын Орусия менен байланышы бар деген божомол боюнча тергөө иштери тышкы саясат боюнча башчынын Москва менен мамиле түзүп жаткан аракетине зыяны тийбеши керектигин билдирди.
АКШнын мамкатчысына Веллингтондогу пресс-конференцияда дал ушул Орусия менен байланыш имиши боюнча тергөө аны тынчын алганы жокпу, Трамптын администрациясынын иштешине зыяны тийбедиби дегендей суроолорду беришти. “Президент түшүндүргөндөй болду окшойт: саясат тармагында болуп жаткан нерселерге өз ишин кылууга тоскоолдук болбошу керек, бул боюнча тапшырма берилген. Ал ачык көрсөттү го, биз прогресске жетишибиз зарыл”, - деп Тиллерсон жооп кайтарды.
Мурда атайын кызматтар Орусияны Америкадагы шайлоого таасир бергенге аракеттенген деп күнөө койгон, Орусия өз кезегинде бул кинелерди четке каккан эле. Бир аз мурдараак Акүй да, Кремль да четке каккан “Трампт-Орусия байланышын” тергөө үчүн атайын прокурор дайындалган. Дагы эки тергөөнүү АКШнын сенаты менен өкүлчүлүк палатасынын комитеттери алып барууда.
Булак: «NazarNews.kg»