www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

30-мартта Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчылар дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус жөнүндө сөз кылып, өз өлкөлөрүндө бул илдетке каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алмашты.

Эки президент мунай затынын дүйнөлүк баасы боюнча пикир алышып, энергетика министрлеринин деңгээлиндеги кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашканы кабарланды.

Эске сала кетсек, Трамп Fox News телеканалынын эфиринде Путин менен мунай заттарынын баасын, соода жана коронавируска каршы күрөшүү жаатында сүйлөшө тургандыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости