www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен дарыланып жаткан АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ, 4-октябрда Уолтер Рид клиникасынын алдына чогулган тарапташтарына ыраазычылык билдирүү үчүн ооруканадан кыска мөөнөттө чыгып кетти. Трамптын кара брондолгон унаасы анын тарапташтары чогулган көчөдөн жай айдап жөнөдү. Унаанын айнектери көтөрүлдү.

Буга чейин Трамп Твиттердеги баракчасына төмөнкүлөрдү жарыялаган: "Бул жерге чогулган мекенчилдерди күтүлбөгөн белек менен таң калтырабыз деп ойлойм. "Ак үй тарап Трамптын кыска сапары дарыгерлердин уруксаты менен болгонун билдирди. Алар муну Президенттин жана анын айланасындагылардын ден-соолугу үчүн коопсуз деп эсептешти.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп жана анын жубайы Меланияга ушул жылдын 1-октябрында коронавирус диагнозу коюлган. Андан көп өтпөй президент Вальтер Рид аскер госпиталына жаткырылган эле.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости