www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн  лидерлерине кайрылып, Жакынкы Чыгышта “экстремизмди жоюу” максаты менен "мамлекеттердин коалициясын" куроого үндөдү. АКШ президенти мындай чакырыкты Эр- Риядда, Араб - Америка саммитинде сүйлөгөн учурунда жасады.

АКШ президенти убада кылгандай, алар “өз жашоо образын башкаларга таңуулабайт, бирок ишеним жана кызматташтык духунда башкаларга кол сунмакчы".

“Бул - түрдүү диндер, секталар же цивилизациялар ортосундагы күрөш эмес, адам өмүрүн кыйууга умтулган варвар кылмышкерлер менен аны сактоону көздөгөн ак ниетүү адамдар ортосундагы күрөш. Бул- жамандык менен жакшылыктын” ортосундагы күрөш”,- деди Трамп.

Дональд Трамп АКШ президенти катары алгачкы чет элдик сапарынын алкагында Сауд Арабияга ишемби күнү келген. Араб - Америка саммити визиттин экинчи күнүндө өттү.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости