www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Орегон штатынын Портленд шаарында эки адамдын өмүрүн алган кол салууну айыптады. Окуя жума күнү кечинде поезддин ичинде болгон. Жүргүнчү бири  хиджап кийген аялдарга акарат келтирген. Үч эркек ортого түшкөн маалда, кол салууга кабылышып, экөө бычактын мизинен жан берген.

"Портленддеги кол салуу жек көрүүчүлүктү жана терсаяктыкты көрсөтүп турат. Мындай көрүнушкө жол берүүгө болбойт. Биз курман болгондор үчүн дуба окуйбуз", -деп жазган Трамп Твиттердеги расмий баракчасына.

АКШ президенти бул билдирүүсүн Эскерүү күнүнө карата дүйшөмбүдө Виржиниядагы Арлингтон Улуттук көрүстөнүнө сөз сүйлөө үчүн келгенден кийин жарыяланды.

Ишембиде бири хиджап кийген эки аялга акарат келтирген Жереми Жозеф Кристиан арачага түшкөндөргө кол салган. Окуядан эки киши мерт кеткен.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости