www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп:

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сербия жана Косово ортосундагы тынымсыз уланган тирешүүлөрдү токтоткон келишимди түзүү менен өзүн Нобель сыйлыгына татыктуу көрөрүн билдирди. Бул тууралуу indyturk.com жазган.

Өлкөнүн бардык аймактарында 3-ноябрдагы шайлоого карата жыйын өткөрүп келаткан Трамп түндүк Каролина шайлоочулары менен жолукту. Ал жерде жасаган билдирүүсүндө өзүн Нобель сыйлыгына татыктуу экенин айтты.

Трамп: “Косово менен Сербия ортосундагы тирешүүлөргө чекит койдук. Канча жылдан бери бири-бирин эзип келатышат. Мындан кийин андай болбойт. Мен айттым: “Келгиле, бир чечимге келели деп...” Өзүңөр байкагандай, жүздөгөн жылдар бою улантып келатышат. Ушундан кийин тынчтык үчүн Нобель сыйлыгы болооруна толук ишенем”, - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости