www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте республика боюнча өспүрүм балдардын футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Россиялык илим жана маданият борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Биз бүткүл дүйнөдөгү тынчтык үчүн" деген ураандын астында өткөрүлгөн мелдеш Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата жана Эл аралык тынчтык күнү салтанатынын алкагында өттү.

Бишкекте республика боюнча өспүрүм балдардын футболдук мелдеши жыйынтыкталды.

Ал эми жаш футболчуларды Россотрудничество федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефёдов, өкүлчүлүктүн жаштар жана ыктыярчылар долбоорлорунун куратору Баира Буваева, "Спартак Юниор" футболдук мектебинин директору Константин Шубин куттукташты.

Белгилей кетсек, мелдеште 2010-2011-жылы туулган балдардан куралган 16 команда оюн талаасына чыгып, мөрөй талашты.

"2011-жылы туулган жаш футболчулар арасында "Дордой" командасы чемпион болду. "Азия Гол" командасы экинчи орунду ээлесе, үчүнчү сапка "Илбирс" клубу чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мелдеште "Мыкты дарбазачы", "Мыкты оюнчу" аныкталып, белектер берилди. Дарбазачыларга сыйлыкты Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матьяш тапшырды.

В Бишкеке состоялся турнир по футболу среди детей, посвященный 75-летию Победы в Великой Отечественной войне. 21 сентября 2020 годаВ Бишкеке состоялся турнир по футболу среди детей, посвященный 75-летию Победы в Великой Отечественной войне. 21 сентября 2020 года

В Бишкеке состоялся турнир по футболу среди детей, посвященный 75-летию Победы в Великой Отечественной войне. 21 сентября 2020 года

В Бишкеке состоялся турнир по футболу среди детей, посвященный 75-летию Победы в Великой Отечественной войне. 21 сентября 2020 года

В Бишкеке состоялся турнир по футболу среди детей, посвященный 75-летию Победы в Великой Отечественной войне. 21 сентября 2020 года

Булак: NazarNews.kg

Последние новости